<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
. Am                    Dm
 Ааламды алты күндө жараткансың,
. E                      Am
 Телегейин тегиз кылып адамзаттын.
.   Am
 // Теңирим, Теңирим! //
. G                E     Am
 Сени гана, Сени гана даңктайбыз,
. Am   Dm  E                Am
 Тизгини го бир Өзүңдө бул ааламдын.

[V2]
 Жылдыздар, ай, күнүңдү жараткансың,
 Бардыгынын ааламда өз милдети бар.
 // Теңирим, Теңирим! //
 Сени гана, Сени гана даңктайбыз,
 Теңдеши жок алааматтуу чоң күчү бар.
 Жараттың асыл кылып топурактан,
 Сугарып Сен мүрөк тунук булагыңдан.

[V3]
 // Теңирим, Теңирим! //
 Сени гана, Сени гана даңктайбыз,
 Бар жандыкка сүйүүң чачтың аябастан.

[V4]
 Алданба, жалган дүйнө - жылт эткен от,
 Азгыруучу оңдо-солдо зымырык ок.

[V5]
 // Теңирим, Теңирим! //
 Сени гана, Сени гана даңктайбыз,
 Сенсиз бизге жалган дүйнө - чагылган чок.</lyrics>
<title>Ааламды алты күндө жараткансың ATT5 РЫЖ1</title>
<hymn_number>5</hymn_number>
<key>Am</key>
</song>